06.08.2018 17:05

III ДКОнун алкагында салттуу билимдерди коргоо жана маданиятты билдирүү боюнча иш-чаралар болуп өтөт

Кыргызстанда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын илимий багытында 2018-жылдын 1-сентябрынан 4-сентябрына чейин салттуу билимдерди коргоо жана маданиятты салттуу билдирүү боюнча регионалдык семинар болуп өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик тутумунун түптөлүшүнүн 25 жылдыгына арналган.

Иш-чара жакынкы жана алыскы чет элдик өлкөлөрдүн салттуу билимдеринин ээлерин, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Бразилиянын, Эстониянын, Россиянын, Беларусиянын, Молдованын, Азербайжандын, Армениянын, Тажикстандын, Казакстандын, Өзбекстандын патенттик уюмдарынын өкүлдөрүн  бириктирмекчи.

Эзелтен бери биздин ата-бабалар ээ болгон билимдер жаңы технологиялар жана ойлоп табуулар менен катар азыркы коомчулук тарабынан көбүрөөк  колдонулууда. Буга мисал, салттуу (элдик) медицина, үй жаныбарларына кам көрүүнүн сырлары, дары чөптөрдүн касиеттери жана аларды дарылануу же косметикалык максатта колдонуу жөнүндө билимдер.

Акыркы убактарда дүйнө жүзүндө салттуу билимдерди кантип коргоо жана арттыруу жөнүндө гана эмес, ошол билимдер кимге таандык жана ким аларды колдонгондугу үчүн пайда таба алат деген талкуулолор жүрүүдө. Салттуу билимдер жана алар менен тыгыз байланышкан генетикалык ресурстар күн өткөн сайын илимий жана коммерциялык жактан кызыгуу жараткан объект болуп калууда, салттуу билимдерди жана генетикалык ресурстарды колдонуунун коммерциялык пайдасы анык болгондуктан, аларга  жеткиликтүү мүмкүндүк алуу кеңири чөйрөлөрдү кызыктырууда.

Салттуу билимдер эмне үчүн укуктук жактан корголушу керек?

- элдин өзгөчөлүгүн белгилеген, биологиялык ар-түрдүүлүгүн жана генетикалык ресурстарын колдонуу менен байланышкан топтолгон билимдерди жана тажрыйбаны  келерки муундар үчүн сактоо;

- салттуу билимдердин ээлери бөтөн адамдар тарабынан алардын билимдерин колдонгондугу үчүн адилеттүү пайда табуусу зарыл.

Кыргыз Республикасында “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. Мыйзам Кыргызстанда салттуу билимдерди сактоо, коргоо жана колдонуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Салттуу билимдердин негизинде жана генетикалык ресурстарды пайдалануу менен түзүлгөн объектилерди мыйзамсыз патенттөөдөн салттуу билимдерди коргоо үчүн, патенттелүүчү объектилерге эксперттөө жүргүзүүдө колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салттуу билимдери боюнча маалыматтар базасы түптөлүүдө.

Бүгүнкү күндө Маалыматтар базасына 1000ге жакын салттуу билимдер киргизилген. 2009-жылдан азыркы учурга чейин салттуу билимдерди каттоого 60 өтүнмө берилген, алардын ичинен 26 өтүнмө катталган.

Семинар конокторго кыргыз элинин салттуу билимдеринин ээлери менен жолугушууга жана илгерки көчмөн элинин өзгөчөлүгүнө күбө болууга бөтөнчө мүмкүндүк бере алат, катышуучуларга улуттук үрп-адаттар жана каада-салттар чагылдырылган  театралдаштырылган оюндар көрсөтүлүп, жөнүндө айтып берүүчү, элдик чыгармачылыктын жана кол өнөрчүлүктүн, улуттук тамак-аштын, көчмөн элдердин киймдеринин жарманкелери жана көргөзмөлөрү уюштурулат .