20.07.2018 13:32

III ДКОнун спорттук бөлүгү: Ысык-Көлдө “Кыргыз-Күрөш” боюнча окуу-машыгуу жыйымдары өтүп жатат

2018-жылдын 18-июлунан 2-августка чейин Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын улуттук күрөш боюнча курама командасы алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу максатында, кыргыз күрөшү боюнча окуу-машыгуусун өткөрөт. Командага биринчи, экинчи номерде киргендердин тизмеси:

1. Бекболсун Сатамкулов     1999-жылы туулган.   

2. Сыймык Алымкулов                  2000-ж. т.           

3. Эсенбек уулу Амангелди  1997-ж. т. 

4. Кутмедин Жаназаков        1993-ж. т.

5. Самат уулу Равил             1996-ж. т.

6. Шамбет уулу Мирхат       1994-ж. т. 

7. Баястан Идирисов             1996-ж. т. 

8. Санжар Аманов                1992-ж. т.

9. Чынгыз Чалабаев              1988-ж. т.

10. Нурислам Идирисов       1993-ж. т.

11. Нурбек Кожобеков                   1988-ж. т.

12. Тажигул уулу Байышбек         1993-ж. т.

13. Тилек Куралов                1986-ж.т.

14. Бекболсун Кушубаков    1985-ж.т.

15. Туратбек Тойчубеков – ага машыктыруучу.

16. Автандил Анарбаев - машыктыруучу.

Улуттук спорт боюнча дирекциясынын бюджетинен окуу-машыгуу сборун өткөрүүгө 413 миң сом бөлүндү.

Эске салсак, III ДКОдо 7 күрөшчүдөн турган командалар 55, 60, 66, 74, 84, 96 киллограмга чейинки жана абсолюттук салмак категорияларында күрөшөт.

Абсолюттук салмак категориясынын жеңүүчүсү “Көчмөндөрдүн улуу күрөшү” мелдешине катышуу укугуна ээ болот. Мелдеш Республикалык кыргыз күрөш федерациясынын эржелери менен өткөрүлөт.