31.07.2018 18:44

III ДКОнын ачылыш аземиндеги тетралдашкан шоуга 1,5 миң артист катышаары күтүлүүдө

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги театралдашкан шоуга 1,5 миң артисттин катышуусу күтүлүүдө. Иш-чаранын теңрежиссёр-коючусу Виктор Фельд белгилегендей, театралдашкан көрсөтүүлөрдө көчмөндөр философиясы чагылдырылат. “ Театралдашкан көрсөтүүлөр жаңы технологиялар колдонуу менен уникалдуу болот.  9 эпизодду көрсөтүүдө 70 сүрөт менен көчмөндөр философиясы ачылат. 
Театралдашкан көрсөтүү дуйнө көчмөндөрүнүн уникалдуу мураскери кыргыздардын  улуу эпосу “Манас” жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы  менен байланышкан.  Бүгүнкү индустриалдык коомубуздун принциптери,  көчмөн каада-салттардын бүгүн да жашоодо актуалдуулу экендигин  ачып берүү демилгеси камтылган”, - деп баса белгиледи Виктор Фельд.
Көрсөтүүлөрдө  түрдүү жанрлардын артисттери жана цирктин, драм театрдын, балеттин өнөрпоздору, каскадёрлор жана музыканттар катышышат. Театралдашкан шоунун артисттери бардык талаа мейкиндиктерин, ал тургай жөө жүргунчүлөр өтө турган жолдорду да колдонушат. “Артисттик өнөр бардык жерлерде өтөт. Бул жылы көркөм театралдаштыруу жарыгы көп болот. Коноктор чыныгы театрда жүргөндөй сезимде калыш үчүн ат майдан талаасын чыныгы өнөр секисине айландырабыз. Бизде лазердик шоу да өтөт ”, - деди теңрежиссёр-коючу.
Мындан сырткары, ар кандай көрсөтүүлөргө 3 деңгээлдеги сахна колдонулат. Теартарладашкан көрсөтүүлөргө арналган кооздуктардын массивдүүлүгү көрүүчүлөргө жана теле көрүүчүлөргө жаңылык болот. Анткени талаада артисттер гана эмес, декоративдүү кооздктары да жылып турат. Шоунун бирден-бир кооздугу чоң ансамблдин  музыканттары болмокчу.
 Театралдашкан көрсөтүүлөргө атайын изилденген, атайын көчмөндөр оюмдары түшүрлгөн, руху чагылдырылган кийимдер заманбап доор менен айкалыштырылып тиктирилүүдө. Кийимдер бардык улуттарга, элдерге тагыраагы,  англичандарга, монголдорго, казактарга, кытайларга да түшүнүктүү болот.  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында  ар элдин парады жана катышуучу-өлкөлөрдүн чыгармачыл жамаатынын  көрсөтүүлөрү коюлмакчы.