14.05.2018 15:53

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Катар талаканалдарында чагылдырылат

Катардын Доха шаарындагы Кыргызстандын элчиси Нуран ниязалиев менен Катар медиа корпоррациясынын аткаруучу диретору шех Абдулрахман бин Хамад Аль-Тани катардык телеканалга III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруунун тегерегинде сүйлөшүшкөндүгү туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди. 
Жолугушуунун жүрүшүндө Нуран Ниязалиев Дүйнөлүк оюдарды өткөрүүнүн максаттарын, анын миссиясын айтып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин катын Катар медиакорпоррациясынын башчысына берди. Ошол эле мезгилде Кыргызстанда боло турган ири долбоорго катышууга чакырды.     
Шейх Абдулрахман бин Хамад Аль-Тани III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясын кызыгуу менен кабыл алып, кабарчылардын группасын оюндар учурунда тартууга жана катардык көрүүчүлөргө чагылдырууга жиберүү макулдугун билдирди.
.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлөт.