20.07.2018 12:50

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары интернет менен үзгүлтүксүз камсыздалат

“III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнө  кеңиритилкелүү интернет жеткиликтүү, үзгүлтүксүз жана акысыз болот”, - деп билдирди Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары Эшмамбет Аматов телерадиокомпаниялардын техникалык директорлорунун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Радиорелеялык магистралдык өндүрүштүк бирикмесинин, телекөрсөтүүлөр жана радиоберүү жетекчилери, III ДКО өткөрүү жана уюштуруучу “Медиа жана РR” жумушчу тобу катышкан телерадиокомпаниялардын техникалык директорлорунун жыйынында.

Эшмамбет Аматов маалымдагандай, ички жана сырткы трафиктерди колдонуу үчүн керектүү ылдамдыкта интернет берүү маселеси чечилди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мезгилинде уюштурулган ар бир пресс-борбордо интернет жеткиликтүү болот. Кырчын этношаарчасында ЖМК өкүлдөрүнүн иштөөсүнө ылайык мобилдүү операторлор аркылуу колдоно алышат.

Аматовдун айтымында, атайын телекомпаниялардын керектөөсү үчүн  файлдарды сактоочу FTR мүмкүнчүлүгүнөн тагыраагы, мурунку оюндардын тематикалык видеоматериалдары сакталган архивди колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эл аралык Интернет трафиги эки группага бөлүнөт: 100Мбит/с Эл аралык күрөш федерациясына жана 100Мбит ЖМКлардын керектөөсүнө берилди.

  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында WI-FI коюлат.