02.08.2018 12:12

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алгачкы эл аралык "Мөңгү" кинофоруму өткөрүлөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 3үнөн 6-сентябрга чейин "Кырчын" этношаарчасында алгачкы эл аралык "Мөңгү" кинофорумунда этно-экологиялык фильмдер көрсөтүлөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө фильмдерди көрүү үчүн атайын кино боз үйлөр жана ачык асман алдында фильмдер көрсөтүлүүчү аянтча уюштурулат.
Эл аралык кинофорумдун милдети - жаратылыш ресурстарын колдоо кыймылы, айлана-чөйрөнү коргоо жана биомаданияттын көп түрдүүлүгүн коргоо.
"Кинематографиялык маданият аркылуу ааламдашуунун адам баласынын жашоосуна жана планетага тийгизген эки тараптуу таасирин көрсөткүбүз келди. Кинематограф аркылуу кээ бир маселелерди көрүүчүлөр сезүүгө жана оң чечимге келүүсүнө жардамы тийгенин көргүбүз келет. Кинофорумдун алкагында көрүүчүлөргө киножаратуучулардын эң жакшы кинолору көрсөтүлөт. Кинематографисттерге жана көрүүчүлөргө кызыктуу жана чыгармачылык атмосфера түзүүгө аракет кылуудабыз.
Кинофорум өткөрүлгөн жер кино жаратуучуларга жаңы демилге, чыгармачылык эргүү тартууларына үмүттөнөбүз. "Мөңгү" кинофоруму байыркы кылымдарда жаратылыш гармониясы менен айкалышып жашаган көчмөн элдердин маданиятынын жаралуусуна тирөөч болуп берет", - деди Кыргыз Республикасынын Киномотаграфисттер  союзунун  башчысы Таалайбек Кулмендеев. 
Кинофорумдун алкагында этно-экологиялык фильмдер, эл аралык жана улуттук кинематографисттердин, экологдордун, эксперттердин катышуусунда курчап турган чөйрөнү, экологияны коргоо тууралуу атайын көрсөтүүлөр, семинарлар, мастеркласстар өткөрүлмөкчү.