01.09.2018 12:30

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өнөктөшү – КРнын Улуттук Кызыл Жарымай коому

   КРнын Улуттук Кызыл Жарымай коому III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өнөктөшү болду. УКЖК Оюндарды уюштуруу жана өткөрүү катчылыгы менен биргеликте ыктыярчыларды тандоого катышышкан. Эки айдын ичинде (июнь, июль) Кызыл Жарымай Коому Кыргызстанда Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жардам берүүгө тандалган 550 ыктыярчыны окутту.

   Ат майданы, ден соолукту чыңдоо комплекси сыяктуу локацияларда жана Кырчын этношаарчасынын аймагында врачка чейинки алгачкы жардамдарды көрсөтүүгө Кызыл Жарымай  15 чатыр тигет.  УКЖКнын квалификациялык даярдыктагы 100гө жакын кызматкерлери жана ыктыярчылар врачка чейинки алгачкы жардамды көрсөтөт. Ошондой эле ДКО-2018ди өткөрүүнү уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.