26.06.2018 19:58

IIIДКОго карата жергиликтүү  Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн каттоодон өткөрүү старт алды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдап өткөрүү Катычылыгы, Кыргыз Республикасынын Ысык - Көл облусунун аймагында 2-8-сентябрда өтө турган  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн,  жергиликтүү Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн каттоодон өткөрүүну баштады.

Жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрү аккердитациядан өтүү үчүн, www.worldnomadgames.com  сайтындагы шилтемеге аркылуу анкетаны толтуруусу зарыл. Журналисттерди каттоо сайт аркылуу гана жүргүзүлөт жана  жөнөтүлгөн  билдирмелер дароо каттоодон өтүү деп эсептелбейт.

Каттоодон өткөн журналисттердин тизмеси, ошондой эле ЖМКнын өкүлдөрүнүн жумуштары тууралуу маалыматтар  III ДКОнун расмий сайтына жарыяланат.

Аккредитациялык карталар 2018-жылдын 27-августунан 29-августуна чейин таратылат. Катталбаган Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иш-чара өтүүчү аймактарга киргизилбейт.

Аккредитация 2018-жылдын 26-июлунда саат 18. 00гө чейин созулат.