21.02.2018 14:32

Ислам кызматташтык уюмунун Форумунун катышуучулары III ДКО чакырылды

19-20-февраль 2018-жылы Телерадиоберүүлөрдү жөнгө салуу Ислам кызматташтык уюмунун Форумунун эл аралык конференциясында (IBRAF), Бенин Мамлекетинде (Батыш Африка) жыл сайын өткөрүлүүчү алтынчы отурумунун катышуучуларын Үчүнчу Дүйнөлүк кочмөндөр оюндарына чакырышты. Аталган эл аралык уюмда Кыргыз Республикасы тарабынан Маданият, маалымат жана туризм министиринин орун басары Айнура Темирбекова катышты. 

                     

Кыргыз республикасынын Маданият, Маалымат жана Туризм министиринин орун басары Айнура Темирбекова сөз сүйлөп, Кыргыз Мамлекети орто азия боюнча санариптик телерадио берүүлөрүнө өткөн жалгыз мамлекет экенин жана сөз эркиндиги жагынан алдыда турганын айтып кетти.  

Ошондой эле “Медианын ролю терроризмге жана исламофобияга каршылык көрсөтүү” деген конференциянын темасы Кыргызстан үчүн актуалдуу экенин, ЖМКры бул жаатта өтө чоң роль ойноорун, бул маселенин чечилишине өтө жоопту, профессионалдуу жана этикалык тартипте иш алып баруу керектигин өз сөзүндө кошумчалады. Аны менен бирге Айнура Темирбекова: бул маселени чечүү инструменттеринин бири болуп, ар бир эл өзүнүн улуттук маданияттын, тарыхын жана салт санааларын  пропагандалоо экенин, ошол себептен Кыргызстан үчүнчү ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп, дүйнөдөгү этномаданиятты өнүктүрүү кыймылдаткычына айланып баратканын белгилеп, ИУК катышуучуларын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.

Мындан тышкары Айнура Темирбекова конфенециянын катышуучуларына Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачаар видеоролигин көрсөтүү менен бирге, алдыда боло турган көчмөндөр оюндарынын артыкчылыгын кеңири айтып кетти.

Жыл сайын өткөрүлүүчү IBRAF алтынчы отурумуна 20дан ашык мамлекеттерден катышуучулар келишти. Алар: Туркия, Ооганстан, Араб Мамлекети жана Африка өлкөсү – Гамбия, Комор аралы, Мавритания, Мозамбик, Сенегал, Сьерра-Леоне, Сомоли, Того жана башкалар.