09.06.2016 14:50

КР вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Кытай делегациясын ДКО чакырды


КР вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 8-июнунда Кытайда болуп өткөн IV Эл аралык Маданият форумуна катышты.

Белгилей кетсек, Форумдун ишинде КМШ, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн делегациялары да катышты.

Гүлмира Кудайбердиева: “Улуу Жибек Жолу экономикалык алкагынын курулушу сөзсүз түрдө маданий жана гуманитардык кызматташтыктын кеңейтилиши менен байланыштуу болот.  Улуу Жибек Жолу экономикалык алкагынын биргелешип курулушу кыргыз-кытай мамилелеринин мындан ары да өнүктүрүлүшү үчүн жаңы жана кеңири перспективаларды камсыз кылууда” - деп баса белгиледи.

КР Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Форумдун алкагында Кытай Эл Республикасынын элдик саясий консультативдик кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басары Ду Цзинлин менен жолугушуу өткөрдү.

Ду Цзинлиндин айтымында Кытай Эл Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн тарта, т.а. 24 жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык дайым колдоого алынып, улам бекемделип жатат.

“Кыргызстанды Кытайдын эң жакынкы коңшусу жана досу деп атасак болот.  Туруктуу негизде саясий ишеним улам бекемделип, ири экономикалык долбоорлор ишке ашып жатат” – деди Ду Цзинлин.

Жолугушууда кытайлык тарап үчүн Кыргызстанда быйыл сентябрь айында өтө турган экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу таанытуу иш-чарасы уюштурулду.

Акырында вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева кытайлык делегацияны экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышып кетүүсү үчүн чакырды.

Алынган булак: КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү