06.09.2018 20:27

Кадамыңар түз болсун! «Ысык-Көл» ордосунда 3 эгиздин тушоосу кесилди

6-сентябрда «Кырчын» этношаарчасындагы 140ка жакын боз үйдөн турган «Ысык-Көл» ордосунда 3 эгиздин тушоо кесүү тоюн театралдаштырып көрсөтүштү. Тойдо  байыркы кыргыздын жашоосун чагылдырган каада-салттар, бата берүү, алгачкы кадам шилтегендеги ырым-жырымдар менен кошо аш-тойдун болоорун  жарчы коштоп турду.

 «Ысык-Көлдүн аксакалы жайкалган Бакайдай даанышманыбыз Карыпбек менен Каныкейдей апабыз  Жаңылдын үч эм неберелеринин тушоосу кесилет. Тушоо кесилет, тушоо! Бери жагы Нарын, ар жагы Баткен, Ош, Жалал-Абад, жер соорусу – Сары-Өзөн-Чүйдөн бириң калбай келгиле. Батаңарды бергиле!» - деп мамлекеттин 7 дубанына  той болоорун жар салган жарчынын жарында,  бирге жаңы гана  чыккан Адил, Аделя, Алия төрөлгөндө Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков  наристелерге каалоо-тилегин билдирип, көрүп кеткен.

«Көчмөндөр оюндарынын алкагында ар бир облус, анын ичинен райондор кыргыздын байыркы каада-салттарын, үрп-адаттарын сахналаштырып көрсөтүп жатышат. Ысык-Көл ордосу ачылгандан тарта көчмөн элдин жашоосун чагылдырган  көрсөтмөлөрдү көрүүчүлөргө коюп жатышат. Бүгүн «Кырчын» этношаарчасынын акыркы күнүндө Ысык-Көл району тушоо кесүү тюн  театралдаштырып көрсөтөбүз.  Алгачкы кадамды таштагандагы ак-кара жүндөн эшилген жиптин, журт атасы акылман аксакалдын, ак элчекчен байбичелердин берген батасынын философиялык маанисин, дегеле кыргыз жашоосун чагылдырабыз. Ысык-Көл районунда төрөлгөн 3 эмдин тушоосу кесилет», - деди Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Баякунова.

Райондун өкүлдөрүнүн, жаш  үй-бүлөнүн, чоң атанын, чоң эненин, республиканын жети дубынан келген коноктордун  жана  чет өлкөлүктөрдүн  катышуусу менен тушоо кесилди. Тушоо кесүүдө  жарданып күткөн чыт курсак балдарды  үч топко бөлүп 3 эмдин тушоосу кесилди. Тушоо тойго келгендердин баарына чачыла таратылып,  конокторго салттуу бийлерден, салттуу ырлардан жана ак элчекчен апалардын ырларынан, комзчулар коштогон концерт көрсөтүлдү.