24.08.2016 15:05

“Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалынын программасы бекитилди

“Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалынын программасы бекитилди. Фестиваль 2016-жылдын 4-7-сентябрында Кырчын жайлоосунда экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтмөкчү.

Фестивалдын расмий ачылыш аземи 4-сентябрда саат 15:00дө болот.

“Кыргыз айылы” аталышындагы боз үйлөр шаарчасы бул күнү бардык каалоочуларды өзүнүн эшигин ачып, жылуу жана жагымдуу маанай менен акысыз кабыл алууга даяр. Фестивалга келген ар бир коноктун жан дүйнөсү кыргыз элинин жаңырып турган салттуу көчмөн жашоосуна сүңгүп кирмекчи.

“Хан-Ордо” этношаарчанын борбордук аянтчасы болмокчу, анда көрктүү фольклордук фестивал уюштурулат.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалынын программасы өтө жыш жана ар тараптуу болмокчу. Этнофольклордук, музыкалык жана бий коллективдеринин, жеке аткаруучулардын, төкмө акындардын, манасчылардын сахнадагы өнөрүн, Кытайдын маданият кербенинин келишин, улуттук кийимдердин көргөзмөсүн көрүүгө болот. Этношаарчанын коноктору үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынан келген артисттердин концертин жана Бишкек, Ош шаарларынан, өлкөнүн бардык облусунан келген маданий делегациялардын театралдаштырган сахнасы коюлат.

“Кыргыз айылы” аянтчаларында программалардын ар кандай түрлөрү боюнча конкурстар өткөрүлөт, алардын арасында төкмө акындардын, манасчылардын, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн усталарынын да мелдештери бар.

Конокторду улуттук кийимдердин жана улуттук ашкананын конкурстук көргөзмөсү жыргалга бөлөмөкчү. Ал эми КР облустарынын өкүлдөрү тез убакыттын ичинде боз үй тигүү боюнча мелдешке чыгышат.

Улуттук спорттук мелдештер да фестивалдын көрүүчүлөрүнө башкасынан кем эмес жана унутулгус көз ирмемдерди сөзсүз түрдө тартуулайт.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалынын программасы:

2016-жылдын 4-сентябры

15:00-15:30 – Талас облусунун театралдаштырылган сахнасы

16:00-17:30 – Баткен облусунун театралдаштырылган сахнасы 18:00-19:00 – Кыргыз кол өнөрчүлүгү

2016-жылдын 5-сентябры

10:00-11:30 – Чүй облусунун театралдаштырылган сахнасы

11:00-13:00 – Улуттук кийимдер конкурсу

12:00-13:30 – Бишкек шаарынын театралдаштырылган сахнасы

14:30-16:00 – Ош облусунун театралдаштырылган сахнасы

15:00-18:00 – Төкмө акындардын конкурсу

16:30-18:00 – Нарын облусунун театралдаштырылган сахнасы 6

2016-жылдын 6-сентябры

10:00-11:30 – Ош шаарынын театралдаштырылган сахнасы

11:00-13:00 – Боз үйлөр боюнча конкурс, тез убакыттын ичинде боз үй тигүү конкурсу, улуттук кийимдер конкурсу

12:00-13:30 – Жалал-Абад облусунун театралдаштырылган сахнасы

15:00-16:30 – Ысык-Көл  облусунун театралдаштырылган сахнасы 17:00-18:00 – Ат оюндары. Салбуурун.

17:00-18:30 – Сахнада «Ала-Тоо Айымдары» болот

2016-жылдын 7-сентябры

10:00-13:00 – Фольклордук коллективдер өнөрүн тартуулайт. Конкурстардын жыйынтыгы чыгарылат, акчалай байге жана дипломдор берилет.

14:00-16:00 – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аяктоочу концерти.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы