15.06.2016 12:00

“Көчмөндөр маданияты балдардын сүрөтүндө” республикалык денгээлдеги конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталды


Бүгүн, 15-июнда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары катчылыгында “Көчмөндөр маданияты балдардын сүрөтүндө” аттуу республикалык конкурстун жеңүчүүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

"Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" Катчылыгы менен "Балажан" Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган.

Конкурсту уюштуруунун негизги максаты көчмөндѳр маданиятын коомчулукка жайылтуу, көчмөн элдеринин улуттук, салтуу оюндарын өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муундардын атуулдук, жарандык сезимдерин өстүрүү менен өз элинин, жеринин тарыхына болгон кызыгууларын арттыруу. Ошондой эле талантуу, сүрөткө шыктуу балдарды аныктап, аларды колдоо бул долбоордун негизги максаты.

Конкурска 5 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүм балдар катышышты.

Жалпысынан конкурска 1 629 сүрөт коюлган.

Чуйской облусунан – 135 сүрөт, Ысык-Көл облусунан – 352, Жалал-Абаддан – 88, Таластан – 136, Баткен облусунан – 59, Ош облусунан – 314, Нарын облусунан – 87, жана Бишкек шаарынан – 458.

Конкурстун талабына ылайык сүрөттөр ата-эне, мугалимдин жардамысыз аткарылып, көчүрүлбөшү шарт. Конкурска автордук гана иштер кабыл алынган.

Конкурс 3 этап менен өткөрулдү: 1- этап район, шаар. 2-этап облустук, 3-этап республикалык деңгээлде.

Курактык категория: 5 – 7 жаш
1 орун:
Лю-Мин-Чин Артур (7 жаш, жетекчи. Мусина Айнур Сапарбековна, РУМЦЭВ «Балажан», Бишкек ш.).
2 орун: Абдулова Фатима (7 жаш, жетекчиси. Балдук Анна Вячеславовна, ЦДТ Свердлов району, Бишкек ш.), Эсенаманова Камиля (6 жаш, жетекчиси. Дунганова Ольга Евгеньевна, РУМЦЭВ «Балажан», Бишкек. ш).
3 орун: Мелисбекова Нагима (6 жаш, жетекчиси. Овчинникова Наталья Ивановна, РУМЦЭВ «Балажан», Бишкек ш.)

Курактык категория: 8 - 12 жаш
1 орун:
Матисакова Айтурган (12 жаш, жетекчиси. Нанаева Евгенья Руслановна, ГДХШ, Бишкек ш.), Болотбекова Сезим (12 жаш, жетекчиси. Итибаева Г., №2 орто мектеби, Балыкчы ш.).
2 орун: Мусин Тимур (9 жаш, жетекчиси. Мусина Айнур Сапарбековна, РУМЦЭВ «Балажан», Бишкек ш.), Жуматаева Жанетта (12 жаш, жетекчиси. Нанаева Евгенья Руслановна, ГДХШ, Бишкек ш.).
3 орун: Сейдиахматова Гүлназик (10 жаш, жетекчиси. Ражапова Уулжан, ДДТ Баткенского района, Баткен ш.), Осмоналиев Эржан  (12 жаш, жетекчиси. Абдылдаев Улан Муктарбекович, №6 С.Абдуллаева атындагы орто мектеп, Талас ш.).
Кызыктыруучу сыйлыктар: Мусаев Төлөгөн (12 жаш, жетекчиси. Козубаев Таалайбек, Облустук сүрөт мектеп.-интернаты, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу), Жакшымбетов Тогойбай (12 жаш, жетекчиси. Заумян Л.Н., Атбашы ОМГ, Чуй облусу), Кадырова Асема (10 жаш, жетекчиси. Бугаева Наталья Николаевна, РУМЦЭВ “Балажан”, Бишкек ш.), Токушева Амина (12 жаш, жетек. Заумян Л.Н., Атбашы ОМГ, Чуй облусу), Турдумамбетова Аяна (10 жаш, жетек. Дунганова Ольга Евгеньевна, РУМЦЭВ “Балажан”, Бишкек ш.).

Курактык категория: 13 – 17 жаш
1 орун:
Нурлан кызы Назира (15 жаш, жетек. Рыскельдиев Карыпбек Айтбаевич, Ж.Алтымышбаева атындагы орто мектеп, Тоң району, Исык-Көл облусу), Нурдавлет уулу Бекболот, 16 жаш, жетек. Жолоев Мирлан, Облустук сүрөт мектеп интернаты, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу.
2 орун: Асаналиев Чыңгыз (16 жаш, жетек. Жумабекова Жаңылкан,  “Билимстан”БОБ, Каракол ш., Ысык-Көл облусу), Орозалиева Сабина (13 жаш, жетек. Усубалиева Алия Бейшенбековна, Карыбек у. А атындагы орто мектеп., Ат-Башы району, Нарын облусу).
3 орун: Талантбек кызы Айдана (15 жаш, жетек. Рыскельдиев Карыпбек Айтбаевич, Ж.Алтымышбаева атындагы орто мектеби, Тоң району, Ысык-Кѳл облусу),  Азимова Мухаббат (16 жаш, жетек. Джураева Одина Махамадумаровна, А.С.Пушкин атындагы МГ №21,  Ош ш.), Замирбек кызы Сырга (14 жаш, жетек. Искаков Дүйшөн Асанович, А.Осмонова атындагы мектеп-гимназиясы, Чолпон-Ата ш., Ысык-Көл облусу).
Кызыктыруучу сыйлыктар: Темирбеков Кыялбек (14 жаш, жетек. Турсуналиев Эрмек Токтобекович,  Карпеков Карыбек атындагы орто мектеби, Ат-Башы району, Нарын облусу), Арстанбекова Айсалкын (16 жаш, жетек. Байчубаков Замирбек, Ноокен району, Жалал-Абад облусу), Максат уулу Адилет (16 жаш, жетек. Тилекматов Эсенаман, Кызыл-Дөбө орто мектеби, Кочкор району, Нарын облусу), Ниязова Нургүл (15 жаш, жетек. Калбердиев Ибрагим, Баткен облустук сүрөт мектеп-интернаты,  Лейлек району, Баткен облусу), Андрианова Елена (16 жаш, жетек. Власова Елена Владимировна, ШБСМ,  Бишкек ш.), Аскарова Мадина (17 жаш, жетек. Рыскельдиев Карыпбек Айтбаевич, Ж.Алтымышбаева атындагы орто мектеби, Тоң району, Исык-Көл облусу), Сонкольбек кызы Ассоль (15 жаш, жетек. Мусина Айнур Сапарбековна, РУМЦЭВ “Балажан”, Бишкек ш.), Шарабидин уулу Азамат (15 жаш, жетек. Камчыбеков А., Т.Ташматоват атындагы орто мектеби, Өзгөн району, Ош облусу).

Калыстар тобунун курамына атактуу сүрөтчүлөр, искусствоведдер, КРнын сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү жана атактуу кол өнѳрчүлөр кирди. Конкурстта жакшы деп аныкталган сүрөттөр Чолпон-Ата шаарында өтө турган II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата уюштурулган атайын сүрөт көргөзмөсүнө коюлат жана ѳлкѳнүн аймагындагы ДКОнун атайын жарнамаларында колдонулат.