05.09.2018 12:13

Көк бөрү боюнча Алтай командасына калыстар тобу тарабынан техникалык утулуш жазылды

Көк бөрү боюнча Кыргызстан курама командасы менен Алтай командасынын ортосундагы пландаштырылган топтук таймаш болбой калды. Калыстар тобу тарабынан оюндун башталышы учуруна Алтайдын айрым оюнчуларынын чыкпагандыгына байланыштуу алтайлыктарга техникалык утулуш жазылды. Ошентип, Кыргызстандын командасы үч упайга ээ болуп, кийинки таймашын жарым финалда өткөрөт.  

Бүгүн ат майданында төмөнкүдөй топтук таймаштар пландаштырылган:

Казакстан-Красноярск - 12:00-13:30

Өзбекстан-Франция - 13:30-15:00

Казакстан-АКШ - 15:00-16:30