04.09.2018 14:07

Көк бөрү боюнча Монголиянын курама командасы аз эсеп айырмасы менен өзүнүн биринчи жеңишине жетишти

Бүгүн, 4-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында Көк бөрү боюнча экинчи күнкү топтук беттешүүлөр өтүп жатат. А тобунда Монголиянын курама командасы Алтайдан келген команданы кыйынчылык менен 1:0 эсебинде жеңип, өзүнүн биринчи жеңиш упайына ээ болду. 

3-сентябрда биринчи топтук оюндардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Монголиянын Көк бөрү боюнча курама командалары беттешти. Кыргыз спортчулары атаандаштарын 29:5 рекорддук эсебинде утуп алышты. Өзбекстандын курама командасы да Башкыртстандан келген команданы 19:1 эсебинде чоң айырмачылык менен утуп алды. Москвадан келген көк бөрүчүлөр командасы Афганстандык командадан күчтүүрөөк болуп чыкты. Эсеп 7:2.

Бүгүн Красноярск шаарынан келген Көк бөрүчүлөр командасы АКШ курама командасы менен күч сынашат, ал эми Башкыртстан командасы Көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк бөрү турнирине биринчи жолу катышып жаткан Франция командасына каршы ойнойт.

Көк бөрү биринчилигине 12 команда катышат, алар чүчү кулак кармоонун натыйжасында 4 топко бөлүнүшкөн:

А тобу

Кыргызстан

Алтай (РФ)        

Монголия

В тобу

Москва (РФ)

Кытай

Афганстан

С тобу

Казакстан

АКШ

Красноярск (РФ)

D тобу

Башкыртстан

Франция

Өзбекстан