06.09.2018 22:16

Көк бөрү боюнча финалдык таймашта Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары кездешет

Бүгүн, 6-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында Кыргызстан менен Москва шаарынын командасынын, ошондой эле Казакстан менен Өзбекстандын командаларынын ортосундагы жарым финалдык оюндар соңуна чыкты.

Кыргызстандын курама командасы москвалык команданы 29:5 ири эсеп айырмасы менен утуп алды.

Москва командасы үчүн азыркы убакта Россия Федерациясынын жарандары болуп саналышкан, Москва шаарында жана Москва облусунда жашап жана иштеп жатышкан Кыргызстандын  мурунку жарандары ойношот.

Казакстандын курама командасы - казактын кокпары (көк бөрүнүн аналогу)  боюнча учурдагы чемпиондор көпчүлүктү таң калтырып, Өзбекстандын көк бөрүчүлөрүнө 4:5 эсебинде утулуп калышты.  

7-сентябрда саат 16:00дө Казакстандын курама командасы менен Москва шаарынын командасынын арасында 3-4-орундар үчүн оюн болот. Финалдык таймаш саат 18:00дө башталат.

Байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түзөт. Биринчи орун үчүн байге 3 млн. сом, 2-орун үчүн – 1,5 млн. сом. 3-орун үчүн – 1 млн.  сом. Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу жана Көк бөрүнүн мыкты аргымагы байгеси үчүн 100 миң сомдон берилет.