06.09.2016 10:03

Көк бөрү боюнча тайпалык этаптын үчүнчү аяктоочу айлампасы

Бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча тайпалык этаптын үчүнчү аяктоочу айлампасы соңуна келди.

Аянтка алгачкы жолу Кытайдын жана Красноярск шаарынын курама командалары чыкты. Кытайдын балбандары атаандаштарын  3:2 эсеби менен жеңип чыкты. Бул кытайлык команданын эсебиндеги экинчи жеңиш болду.

 “А” тайпасындагы мелдештердин үчүнчү айлампасын Казакстандын жана АКШнын командалары 15:5 эсеби менен аяктады.

 “А” тайпасында мелдештердин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Казактсандын курама командасы, экинчи орунду кытайлык командар ээледи. Ошентип финалга Казакстандын  командасы чыкты, Ал эми Кытайдын командасы “Б” тайпасында экинчи орунду алган команда менен үчүнчү орунду ээлөө үчүн мелдешке чыгат.

 “Б” тайпасында мелдештер Кыргызстандын жана Ооганстандын курама командаларынын беттеши менен аяктады. Жеңишке Кыргызстандын командасы ээ болду, анткени оюндан баш тартуу себебинен улам Ооганстандын курама командасына техникалык жеңилүү эсептелинген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы