02.09.2016 17:25

Кумдан жасалган скульптура фестивалында 3 миңден ашык адам мейман болду

“Ысык-Көлдүн сыйкырдуу кумдары” аталышындагы кумдан жасалган скульптуралардын фестивалы ачылган күндөн тартып үч миңден ашуун адам анын мейманы болду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан фестиваль Чолпон-Ата шаарында 25-августта башталган.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”, “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 25 жыл”, “Кыргызстандын тарых жана маданият жылы” темалары боюнча Кыргызстандын 14, Казакстандан 6, Өзбекстандан 1 скульптор, ошондой эле скульптордун сырлары менен тааныш баардык каалоочулар өзүнүн эмгектерин жана композицияларын тартуулады.

Уюштуруучулар белгилегендей, фестивалда балдарга арналган аянтча болот, ал жерде жаш балдар кумдан өз алдынча ар кандай фигураларды даярдоого мүмкүнчүлүк алат.

Фестиваль белгилүү ырчылар, элдик фольклор ансамбли менен бий топторунун катышуусундагы этно концерт менен коштолот.

Фестиваль сентябрь айынын аягына чейин уланат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы