16.08.2018 10:59

“Кырчын” этношаарчасында этнобазар ачылат

Ысык-Көлдүн “Кырчын” этношаарчасында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин декоративдик-прикладдык искусство жана элдик өндүрүүчүлөрдүн этнобазар – жарманке-көргөзмөсү иштейт. Кырчын капчыгайындагы этнобазарда көчмөндөр доорун чагылдырган өзгөчө чөйрө түзүлөт. Ири аянт тосулуп, архитектуралык кооздуктар менен кооздолгон, желектер илинген дарбазалар орнотулуп, бардык тарабынан жарыктандырылат: “Көчмөн элдердин дарбазасы”, желектер менен кооздолгон  “этно”, салттуу кытай стилиндеги“Кытай дарбазасы”, “Чыгыш дарбазасы” жана “Түндүк дарбазасы” орнотулат. Мындай комплексти түзүүнүн терең философиялык мааниси – этнобазар ар башка элдин маданиятын жана цивилизациясын бириктирет, көчмөндөрдүн жашоосуна жаңылыктарды киргизет, алардын дүйнөтаанымын жана билимин кеңейтүү менен көчмөндөрдүн алдыга кадам таштоосуна түрткү берет,  муну менен бирге өз тарыхын, каада-салттары, ырым-жырымдары сакталып калат.

Этнобазардын салтанаттуу ачылышы – 2018-жылдын 3-сентябрында. Этнобазар музыкалык аспаптар керней-сурнай, добулбастардын жардамы менен күнүгө саат 10.00дө ачылат. Этнобазарда көчмөн доорго байланышкан ар түрдүү конкурстар, мелдештер өткөрүлөт. Конкурстардын бири – “Гүлазык” ашпозчулар көчмөн элдердин тамактарын гана эмес, ата-бабаларыбыз аскердик жүрүштөргө, аң-ууга чыкканда, көч көчкөндө өздөрү менен кошо алып жүрүүчү азыктарды көрсөтүшөт. Каалоочулар этнобазардан даам сызууга болот. Базардын ар бир бурчунда казандар же тандырлар коюлуп, ашпозчулар, наабайчыларнан жабуу боюнча көрүүчүлөргө мастер-класстарды өткөрүшөт. Байыркы рецептер менен заманбап даярдалган суусундуктарынан, көчмөн элдин салттуу тамак-аштарынан ооз тие алышат.

III ДКОнун коноктору жана бардык туристтер өзү үчүн кызыктарды таба алат: этнобазардан окуганды сүйүүчүлөр байыркы китептерди барактай, окуй алышат; илгерки жана заманбап сүрөттөргө күбө болушат. Мындан сырткары, кыргызстандык өндүрүүчүлөр, кол өнөрчүлөр чет өлкөлүктөргө көчмөндөр философиясын, жашоо образын өзүнө сиңирген кооздолуп шырылган шырдактарды, ала-була ала кийиздерди, жашоо буюмдарды, идиш-аяктарды, азем шөкөттөрдү көрсөтүшөт.

Этнобазардын аянтында коноктор үчүн айкелчилик, живопись, сүрөтчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар өткөрүлөт, мындан сырткары камчы, ээр, улуттук музыкалык аспаптарды жана башка буюмдарды жасоочу усталардан  мастер класстар күтүлүүдө.  III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндарын уюштуруучулардын ою боюнча этнобазар  кыргыз, кытай, араб, алтай, европа көчмөн элдеринин маданиятын бириктирет.