05.09.2018 19:18

Кырчын этношаарчасындагы этнобазарга дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген 500гө жакын соодагер катышып жатат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасындагы этнобазарда, б.а. элдик кол өнөрчүлүк жана декоративдик-колдонмо искусствосунун жарманкесинде дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген 500гө жакын соодагер катышып жатат.

Кырчын жайлоосундагы этнобазар көчмөндөр дооруна таандык өзгөчө чөйрөнү жаратты. Базардын аябагандай чоң аянты тосулган, ошону менен бирге этнобазардын архитектуралык ансамблин төгөрөктүн төрт бурчуна чыккан дарбазалар кооздоп турду: «этно» стилинде жасалып, флагштоктор менен кооздолгон «Көчмөн элдердин дарбазасы»; адаттагы кытай стилинде жасалган «Кытай дарбазасы»; «Чыгыш дарбаза» жана «Түндүк дарбаза».

Этнобазардын катышуучу мамлекеттеринин арасында Казакстандан, Россия Федерациясынан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Монголиядан, Венгриядан ж.б. келген соодагерлер да болду.    

Базарда элдик-колдонмо искусствосунун буюмдары, идиш-аяк, зер буюмдары, кийизден жасалган буюмдар, трикотаж продукция, сувенирлер ж.б. коюлду.