05.09.2016 16:55

Кырчында аймактардын театралдаштырылган көрсөтүүлөр уланууда

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана “Көчмөндөр ааламы” фестивалынын алкагында Кырчын жайлоосунда Бишкек, Ош шаарларынан, республиканын облустарынан келген делегациялар өзүнүн театралдаштырылган көрсөтүүлөрүн коюуда.

Бүгүн, 5-сентябрь күнү, Бишкек шаарынан, Баткен, Ош, Нарын жана Чүй облустарынан келген делегациялар театралдаштырылган программасын койду.

Баткен облусу 25 боз үй тигип, алардан 460 киши катышууда.

Театралдаштырылган көрсөтүүлөрдүн алкагында Баткен облустук театрдын артисттери Алымкул аталыктын жана 1863-1865-жж. Кокон хандыгы доорунда кыргыз элинин жашап өткөн жолу тууралуу сахнаны көрүүчүлөргө тартуулады. Ошондой эле “байбиче көтөрүү” салты көрсөтүлдү жана ар кыл салттуу ырлар жана бийлер тартууланды.

Чүй облусу өзүнүн кичи этношаарчасында 25 боз үй тигип, анын ар биринде бири биринен айырмаланып турган кичи театр көргөзмөлөрүн уюштурду. Чүй облустук театрынын артисттери көрүүчүлөргө Жайыл баатырдын эрдигин, ошондой эле “тушоо кесүү” салтын көргөздү. Мындан сырткары, салттуу бийлер жана ырлар аткарылды.

“Көчмөндөр ааламы” фестивалында Нарын облусунун атынан 430 киши катышты. 37 боз үй тигилди. Театралдаштырылган көрсөтүүлөрдүн алкагында Нарын облустук театрынын артисттери кыргыз элинин Тайлак баатырынын 220 жылдыгына карата спектакль коюлуп, “кудалашуу” салты таанытылды.

Мындан сырткары, Нарын облусунун чыгармачыл коллективи улуттук аспаптарда ойноп, салттуу ырларды жана улуттук бийлерди аткарды, ошондой эле баардык каалоочулар үчүн элдик чыгармачылык боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Этношаарчада Ош облусу 25 боз үй тикти, ага 460 киши катышты. Театралдаштырылган көрсөтүүлөрдүн алкагында облустук театрдын артисттери Курманжан датка жана Алымбек датканын жашоосу тууралуу сахна коюлду. Ошондой эле “куда түшүү” салты  көргөзүлүп, ар кыл салттуу ырлар жана бийлер аткарылды.

Бишкектин этношаарчасында Нооруз майрамынын салтанаттуу театралдаштырылган сахнасы жана Байтик баатыр тууралуу постановка коюлду. Ага Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын 200 артисти катышты.

Конкурстун алкагында Бишкектин жана облустардын өкүлдөрү тарабынан улуттук кийимдердин, салттуу ашкананын тамактарынын жана булгаарыдан, темирден, чоподон жасалган буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду.

Тарыхый экспонаттардын конкурсунда облустардын жана Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий баалуулуктарга ээ, облустардын музейинде сакталып келген буюмдар, ошондой эле аймактардын жашоочулары тарабынан берилген тарыхый табылгалар жана маданий баалуулуктар коюлду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы