05.09.2016 15:04

Кырчында салбуурун боюнча мелдештер өтүүдө

Бүгүн, 5-сентябрда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда салбуурун боюнча мелдештер башталды.

Салбуурун «Бүркүт салуу», «Далба ойнотуу» жана «Тайган жарыш» дисциплиналары боюнча өтүүдө.

“Бүркүт салуу” боюнча мелдешке 14 адам (Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Италия, Грузия, Өзбекстан), “Далба ойнотууга” 8 адас (Кыргызстан, Италия, Орусия, Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Монголия)  катышып жатат.

Белгилей кетсек, “Салбуурун” – кыргыз элинин алгыр куш, чыгаан тайгандар катышкан аңчылык оюну.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы