05.09.2016 14:59

Кырчында театралдаштырылган сахнаны биринчиден болуп Талас облусу койду

ДКО жана “Көчмөндөр ааламы” фестивалынын алкагында Кырчын жайлоосунда Бишкек, Ош шаарларынын, республика облустарынын өкүлү болгон маданий делегациялардын театралдаштырылган сахнасы коюлууда.

4-сентябрь күнү театралдаштырылган сахнаны биринчилерден болуп Талас облусу койду. Бул облустун атынан фестивалда 400дөн ашык киши катышууда.  

 “Кыргыз айылы” этношаарчасында облус 37 боз үй тикти. Ал боз үйлөрдүн бир бөлүгү “Хан Ордонун” аянтчасына тигилип, калганы “Эң мыкты боз үй” жана тез убакыттын ичинде боз үй тигүү конкурстарына коюлмакчы.

Талас облусунун өкүлдөрү тарыхый экспонаттардын конкурсуна тарыхый баалуулукка ээ болгон уникалдуу табылгаларды, ошондой эле кыргыз элинин жашоо турмушун жана маданиятын  чагылдырып турган аймактын музейлериндеги экспонаттарды койду.

Театралдаштырылган сахна  коюлуп жатканда Талас облустук театрынын артисттери жунгарлардын басып алуусуна каршы чыккан жана кыргыз жерин коргоп тарыхка аты сиңген элдик баатыр Бердикенин жашоосундагы айрым окуяларды өз өнөрү аркылуу көрүүчүлөргө тартуулады. 

Кыргыздын баланы бешикке салуу салты көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусуна арзыды.

Мындан сырткары, Талас облусунун көркөм чыгармачылык коллективдери улуттук бийлерди жана ырларды тартуулап, улуттук аспаптарда музыкалык обондорду жаңыртып, сахнаны өзгөчө шаңга толтурду.

Конкурстун алкагында облустун өкүлдөрү улуттук кийимдердин көз жоосун алган көргөзмөсүн тартуулап, салттуу ашкананын көптөгөн тамак-ашын даярдады, териден, булгаарыдан, темирден жана соподон өзгөчө чеберчилик менен жасалган буюмдарды койду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы