04.09.2018 19:45

Кырчында жаа тартуу мелдеши кызыды

Жаа тартуу – кыргыз элинин байыркы өнөрлөрүнүн бири. Бул өнөр “Салттуу жаа аттуу” деген аталышта,  чоң спортто “Жаа атуу” түрү катары дүйнөгө кеңири белгилүү болуп баратат. Ошондон улам Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна “Салттуу жаа атуу” боюнча келгендердин саны арбын. Башкача айтканда, дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн келишкен жаачылардын өнөр көрсөтүүсү менен 3-сентябрда Кырчында спорттун бул түрү ачылды. Жаа атуу өнөрү боюнча мелдештин акыркы күндөрүнө чейин 32 өлкөдөн келген 153 жаачы катышмакчы. Алардын ичинен 43ү айымдар, 110у мырзалар. Салттуу жаа атуу мелдешине катышуучулар өз өлкөсүнүн  улуттук кийимдери менен катышууда.

Кийген кийимдеринин салттуулугу кыргыздыкына окшогон  айым башкырстандык экен. Башкырстандан келген жаачы Гүлгина Баймурзинанын айтымында, Кыргызстандагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына экинчи жолу келген. Мурунку оюндарда спорттун салттуу жаадан атуу түрүнөн мелдешке катышкан. Бул жолу  да 11 адамдан турган  жаачылардын тобун баштап келиптир. Учурда жаачылардын мелдеши улантылууда.