29.08.2018 18:20

Кырчындагы кызуу даярдыктар

Саналуу күндөр калган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кырчын жайлоосунда даярдык кызуу жүрүүдө. Алдыдагы оюндардын алкагында 3-6-сентябрда кеңирилетилген спорттук жана маданий иш-чаралар “Көчмөндөр жаңырыгы” республикалык фестивалына жана “Көчмөндөрдүн алтын доору” театрлаштырылган көрсөтүүлөрүнө даярдык жүрүп жаткандыгы туурасында режиссер Улан Зайнидинов билдирди. 

“Учурда Кырчын жайлоосунда алдыдагы Көчмөндөр оюндарына карата  борбордон келген  100дөй атисттер, каскадерлор менен кызуу даярданып жатабыз. Театрлаштырылган ат үстүндөгү көрсөтмөлөргө даярдыктар жүрүүдө. Улуттук каада-салттарды көрсөтүүчү театралдаштырылган көрсөтүүлөр, көчмөндөр жашоосундагы оюндар, элдик чыгармачылык чет өлкөлүктөргө жана конокторго, көрүүчүлөргө тартууланат”, - деди режиссер Улан Зайнидинов.

 Анын айтымында, республиканын бардык аймактарындагы театрлардын 1200дөй өнөр ээлери бугун 29-сентябрда келип,  башкы даярдыктар жүрүп баштайт.