07.06.2016 12:00

Кыргызстан Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын БУУ резолюциясына киргизүүнү сунуштап жатат


Кыргызстан Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын БУУ резолюциясына киргизүү сунушун айтууну каалап жатат. Бул тууралуу 7-июнда, КМШ өлкө башчыларынын кеңейтилген форматтагы жыйналышында Кыргызстандын премьер-минстри Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал өзүнүн чет элдик коллегаларына 2016-жыл Тарых жана маданият жылы болуп жарыялангандыгын, жана анын алкагында өлкөдө ар түрдүү форматтагы иш-чаралар өткөрүлө тургандыгын эскерте кетти.

Жээнбековдун айтымында, Ысык-Көлдө сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өлкөлөрдүн маданияттар аралык жана улуттар аралык активдүү карым-катнашы үчүн ылайыктуу аянтча катары пайдаланса болот. Ал чет элдик коллегаларынан Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын БУУ резолюциясына киргизүү боюнча Кыргызстандын сунушун колдоп берүүсүн өтүндү.

 “Кыргызстан тарап  БУУ Генералдык Ассамблеясынын 71-сессиясында Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын “Дүйнөлүк тынчтыкты сактоо максатында диндер аралык жана маданияттар аралык карым-катнашты, өз ара ынтымакты жана кызматташтыкты колдоо” резолюциясына киргизүү максатында “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары” тууралуу текстти сунуштоону пландап жатат. КМШдагы досторубуз тараптан бул демилгеге карата колдоо көрсөтүлсө абдан ыраазы болор элек” – деди премьер-министр.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн чет элдик коллегаларын Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине чакырды.

Алынган булак: Вечерний Бишкек