07.09.2018 16:30

Кыргызстандык балбандар эр эңиш боюнча беш алтын медалга ээ болушту

Бүгүн, 7-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында эр эңиш боюнча финалдык таймаштар аяктады. Алтын медаль үчүн беш салмактык категорияда бештен кыргызстандык жана казакстандык балбандар күч сынашты.

Беш категориянын бардыгында тең кыргыз балбандар алтын медалды жеңип алышты.

Жеңүүчүлөрдүн аттары:

1-орун:

60 кг - Жекшенбек Турдубеков – Кыргызстан;
70 кг - Бузурманкул уулу Калыбек – Кыргызстан;

80 кг - Бердибек уулу Ислам – Кыргызстан;

90 кг - Конокбай уулу Баркыжоков – Кыргызстан;

90+ кг - Күмүшбек Кыдыралиев – Кыргызстан.

 

2-орун:
 

60 кг - Азамат Сергазин – Казакстан;

70 кг - Эрназар Байгонов  – Казакстан;

80 кг - Бердибек уулу Ислам – Казакстан;

90 кг - Сырым Избасаров – Казакстан;

90+ кг - Биржан Косалиев – Казакстан.

3-орун:

60 кг – Базарбай Матиев– Монголия;

70 кг – Магай Айткалы  - Монголия;

80 кг – Мунур уулу Амантур – Россия (Красноясрк)

90 кг – Чыныбек уулу Русланбек – Россия (Красноярск)

90+ кг – Талибов Ихтиёр –Өзбекстан.

Биринчи орундун жеңүүчүлөрү 70 миң сомдон, экинчи орунду багындыргандар – 35 миң сомдон, коло медалдын ээлери - 17миң 500 сомдон алышат.

Эр эңиш – ат үстүндө ойнолуучу салттуу кыргыз күрөшү.

Азыркы учурда эр эңиш тегерек чийин ичинде, тегиз аянтта өткөрүлөт. Эңишке белден өйдө жылаңачтанган, колунда камчысы бар эки балбан чыгат, алардын белинде бел боосу (“кушак” ), бетаарчысы, бышык кеземеден тигилген шымы, өтүгү болушу керек. Эңиштин алдында арбитрдин командасы менен балбандар ортого бастырып келишет. Команданын негизинде эңиш башталат. Жеңишке ээ болуш учүн чабандес атаандашын атынан оодарып, атаандашынын денесинин бир мүчөсүн жерге тийгизсе, жеңди деп эсептелинет.