06.09.2018 20:50

Кыргызстандыктар ат чабыштарда 14 медаль утуп алышты

Бүгүн, 6-сентябрда, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ар кандай аралыкка ат чабыштар болду.

Ат чабыш боюнча мелдештер 5 дисциплина боюнча өткөрүлдү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жана Эл аралык ат чабыштар федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Эсиңиздерге салып өтөбүз, эртең, 7-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында жорго салыш (аралык – 11 000 м) жана ат чабыш (22 000 м) боюнча мелдештер өткөрүлөт.

6-сентябрга карата жеңүүчлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:

Кыска аралыкка (түз жерде чабыла турган) ат чабыш:

Аралык 1600 м, катышуучулардын саны – 8

1-орун – Данбай (күлүктүн каймана аты), Жапаров Бурганак (ээси), Жапаров Таалай (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) – байге фонду – 200 миң сом;

2-орун – Харт ту Кети, Зарипов Рассим (ээси), Таалайбек уулу Бактияр (машыктыруучу) – Башкыртстан (Россия) – 100 миң сом;

3-орун – Падиша Нури, Шынайдаров Адилет (ээси), Рахимбаев Малик (машыктыруучу) – Казакстан – 70 миң сом;

4-орун – Сулкара GB, к/з «Асанбек Ата» (ээси), Батыркулов Жекиш (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) – 50 миң сом.

Кунан чабыш:

Аралык 11 000 м, катышуучулардын саны – 25

1-орун – Зара, Жолдошбеков Кубанычбек (ээси), Өмүралиев Керим (машыктыруучу) – Кыргызстан (Нарын облусу) – байге фонду 300 миң сом;

2-орун – Көк Серек, к/з «Асанбек Ата» (ээси), Батыркулов Женишбек (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) – 200 миң сом;

3-орун – Байдарка, к/з «Аширбек Ата» (ээси), Дүрбоөлөң уулу Эдил (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чүй облусу) – 120 миң сом;

4-орун – Аракет, к/з «Самоволов» (ээси), Абдылдаев Саид (машыктыруучу) – Краснодар крайы (Россия) – 80 миң сом.

Кыска аралыкка (түз жерде чабыла турган) ат чабыш:

Аралык 2400 м, катышуучулардын саны – 12

1-орун – Дичато – Булгынов Мерхан (ээси), Табылдиев Мейрамбек (машыктыруучу) – Казакстан – 200 миң сом;

2-орун – Каркыра, к/з «Асанбек Ата» (ээси), Батыркулов Жекиш (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чолпон-Ата ш.) – 100 миң сом;

3-орун – Фен Кэролайн, Мамбетаитов Турсунаалы (ээси), Өмүралиев Керим (машыктыруучу) – Кыргызстан (Нарын облусу) – 70 миң сом;

4-орун – Фитзимун, Шыдаков Марат (ээси), Букетов Данияр (машыктыруучу) – Россия (Карачаево-Черкесия) – 50 миң сом.

Бышты жорго:

Аралык 6000 м, катышуучулардын саны – 26

1-орун – Победа (Патрон-Аймончок), Ургазиев Камчыбек (ээси), Ургазиев Камчыбек (машыктыруучу) – Кыргызстан (Ысык-Көл облусу) – 300 миң сом;

2-орун – Канзас, Абдулбакиев Искендер (ээси), Абдулбакиев Искендер (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чүй облусу) – 200 миң сом;

3-орун – Мамба Лок, Минбаев Нурмухаммед (ээси), Токмергенов Жаныбек (машыктыруучу) – Кыргызстан (Нарын облусу) – 120 миң сом;

4-орун – Киприот, Абдулбакиев Искендер (ээси), Абдулбакиев Искендер (машыктыруучу) – Кыргызстан (Нарын облусу) – 80 миң сом.

Кыска аралыкка (түз жерде чабыла турган) ат чабыш:

Аралык 3200 м, катышуучулардын саны – 8

1-орун – Желкабыз, Зарипов Рассим (ээси), Замудин Нурдан (машыктыруучу) – Россия (Башкыртстан) – 200 миң сом;

2-орун – Апрокаллис, Абылгазиев Менсулин (ээси), Тимченко Андрей (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чүй облусу) – 100 миң сом;

3-орун – Рояль Тюлип, Сырдыбаев Улан (ээси), Өмүралиев Керим (машыктыруучу) – Кыргызстан (Талас облусу) – 70 миң сом;

4-орун – Элита, Исмаилов Ильшат (ээси), Батырбек уулу Жаннат (машыктыруучу) – Кыргызстан (Чүй облусу) – 50 миң сом.