20.08.2018 21:09

“Медиа жана PR” жумушчу тобунун башкы тапшырмасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда ММК шарт түзүү

2018-жылдын 20-август күнү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин “Медиа жана PR” жумушчу тобунун кезектеги отуруму болуп өттү.

Жумушчу топ, Тышкы иштер министрлигинен кезектеги 100дөн ашуун чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн тизмесин алар менен андан ары өз ара кызматташуу үчүн алды. 2018-жылдын 20-августуна карата  50 өлкөдөн 410 журналист аккредитациялоодон өттү, мындан тышкары дагы 111чет өлкөлүк журналистердин тапшырыктары кароодо турат. Ошондой эле, 164 адам келе турган күндөрү тууралуу кабар бергендиги  отрумда белгилүү болду.

Ошондой эле, жумушчу топтун мүчөлөрү бекер ташып жеткирүү, тамак аш жана жатакана үчүн бекитилген квотага (200 адам) киргизүү үчүн аккредитациялоодон өткөн жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн тизмесин (700дөн ашуун) карашты. 

Кеңешменин жүрүшүндө “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына 14 күн калды. Миңден ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө, себеби алар аркылуу биздин уникалдуу иш-чарабыз жөнүндө бүткүл дүйнө билет жана көрөт” – деп билдирди жумушчу топтун жетекчиси Айнура Темирбекова.

Жумушчу топтун мүчөлөрү чет өлкөлүк журналистерди аэропорттон тосуп алуу; чет өлкөлүк жана жергиликтүү журналистерди ташуу жана аларды Ысык-Көл облустундагы пансионаттарга жайгаштыруу; Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ден-соолукту чыңдоо борборуна жана Кырчын жайлоосундагы этно-шаарчага пресс-борборлорду уюштуруу;  сыйлуу коноктордун катышуусундагы ищ-чараларга журналистерди киргизүү боюнча жана медиаларга бекитилген ыктыярчылар менен иш жүргүзүү өндүү учурдагы иштери жана пландалган тапшырмалары тууралуу айтышты.

Отурумда сувенирлердин жана таркатуучу материалдардын үлгүлөрү бекитилди.