06.07.2016 12:00

Өкмөт ДКОнда тартип жана коопсуздукту камсыздоо боюнча оперативдүү штабды түздү

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун 27-июндагы буйругу боюнча экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана  жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча оперативдүү штаб түзүлдү. 

Оперативдүү штабка жүктөлгөн жоопкерчилик – Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого катышкан министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын  мүмкүнчүлүктөрүн жана каражаттарын координациялоо болуп саналат.

Оперативдүү штабдын курамы:

  • Жунушалиев Кашкар Астаканович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, оперативдүү штабдын жетекчиси;
  • Мамасадыков Рустам Алайбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары;
  • Мусакеев Дамир Сагындыкович – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары.

Оперативдүү штабдын мүчөлөрү:

  • Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
  • Тойматов Самат Шакиевич – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көргөзүү жана дары-дармек саясаты башкармасынын жетекчиси;
  • Осоев Эркинбек Арстанбекович – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
  • Кайкиев Эмиль Арстанбекович – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
  • Дүйшеналиев Нурбек Макибаевич – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Имаев Мирбек Кожобекович – Башкы штабдын начальниги – Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын биринчи орун басары;
  • Бердалиев Шамиль Шамшиевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Жапаров Таалайбек Токталиевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Касымов Женишбек Абдилович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Исаков Курманбек Байдалиевич – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Милицкий Геннадий Алексеевич – Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
  • Султаналиев Туруспек Оморович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
  • Монолдоров Дамир Черикович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

Алынган булак: CA-News.org