04.09.2018 20:34

Пахлавани боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

4-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы (Ысык-Көл облусу) Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде пахлавани боюнча мелдештер болуп өттү. Мелдешке 25 өлкөдөн 48 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:

70 кг чейин:

1-орун – Mohammad Naderi  – Иран – 70 миң сом;

2-орун – Курбат Азизбаев – Кыргызстан– 35 миң сом;

3-орун – Джалал Сулейманов – Азербайжан – 17 миң 500 сом;

3-орун – Арслан Серхат – Түркия - 17 миң 500 сом.

80 кг чейин:

1-орун – Omid Hassan Tabar Jelodar – Иран - 70 миң сом;

2-орун – Parchat Biachimov – Түркмөнстан - 35 миң сом;

3-орун – Ming Ganbaiyila – Кытай - 17 миң  500 сом;

3-орун – Айвар Хасанов – Тажикстан - 17 миң  500 сом.

Абсолюттук салмактык категория:

1-орун – Jaber Sadeghzadeh –  Иран - 70 миң сом;

2-орун – Serik Beredmurat – Монголия - 35 миң сом;

3-орун – Роман Бакиров – Азербайжан - 17 миң  500 сом;

3-орун – Иван Влагоев – Болгария - 17 миң  500 сом.

Жалпы командалык эсеп:

1-орун – Иран (3 алтын медаль)

2-орун – Түркмөнстан (1 күмүш жана 1 коло)

3-орун – Кыргызстан (1 күмүш)

Маалымат үчүн: Пахлавани – бул байыркы Перс элдеринин жана азыркы Ирандыктардын салттуу күрөшү болуп саналат жана Иранда баркталган спорттун түрү жана анын өтө байыркы тарыхы бар.

Байыртадан, курөштүн бул түрү жоокерлердин согуштагы комплекстүү аскердик коргонуусунун бир түрү болуп саналган. Иранда кошти пахлавани бул жалпы улуттук күрөштүн түрү же аны дагы “зурханэ” ыкмасы деп да коюшат.

Кошти пахлавани күрөшүнүн ыкмасы ар тараптуу болуп, эркин күрөштүн эң жакшы түрү десек болот.

.