05.09.2016 16:00

“Салбуурун” боюнча мелдештер аяктдады

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өткөн “Салбуурун” боюнча мелдештер аяктады.

Алгыр куштар жана чыгаан тайгандар менен аңчылыкка чыгуунун бир нече түрү боюнча байгелерге ээ болуу үчүн беш мамлекеттин катышуучулары таймашка түштү.

Орусиядан, Монголиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Италиядан келген  14 спортчу “бүркүт салуу”, 8 спортчу “далба ойнотуу”  боюнча мелдешке катышты.

Жыйынтыктар:

“Бүркүт салуу”:
1-орун – Айбек Сагынбаев – Кыргызстан;
2-орун – Чыңгыз Дыйканов – Кыргызстан;
3-орун – Жалгаз Акимбеков – Казакстан.

“Далба ойнотуу”:
1-орун – Мирлан Калилов – Кыргызстан;
2-орун – Нурсейит Бейшебаев – Кыргызстан;
3-орун – Ринат Масалбеков – Кыргызстан.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы