05.09.2018 13:53

Сумо боюнча турнирдин жеңүүчүсү Монгуш Айдин «Көчмөндөрдүн улуу күрөшү» мелдешине катышат

Бүгүн, 5-сентябрда, Бактуу-Долонотудагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи жолу сумо боюнча мелдеш болуп өттү. Жекеме-жеке чыгып күрөшүүнүн бул түрүнө 20 өлкөдөн 20 спортчу катышты. Мурун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күрөштүн бул түрү болгон эмес.

Турнирдин жеңүүчүлөрү:     

1-орун - Монгуш Айдын – Россия (Красноярск крайы);

2-орун - Монгуса Мерген – Россия (Хакасия);

3-орун – Суаисаки Иисуки (Жапония);

3-орун – Тилеш Сайын –Белек – Россия (Тува).

Байге фонду 140 миң сомду түзөт.

Алтын медалдын ээси 70 миң сом алат. Күмүш байгенин ээси – 35 миң сом жана коло медалды багындыргандар 17 миң 500 сомдон алышат.

Сумо – жапон элинин улуттук күрөшү.

Таймашка эки балбан чыгат. Атаандашын атайын белгилеген аянттан түртүп чыгарса же анын таманынан башка дене мүчөсүн жерге тийгизсе утушка ээ болот.

Команданын курамы – 2 киши: 1 спортчу, 1 машыктыруучу.

Мелдешке 18 жашка толгон жана андан улуу спортчулар катышууга уруксат берилет. Мелдеш эркектер арасында абсолюттук салмактык категорияда өткөрүлөт. Мелдеш Эл аралык сумо федерациясынын эрежелери боюнча өткөрүлөт.  

Абсолюттук салмактык категорияда жеңүүчү болгон спортчу «Көчмөндөрдүн улуу күрөшү» мелдешине катышууга укук алат.