06.05.2018 11:24

Тогуз коргоол боюнча VII Азия Кубогу өттү

                      

6-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Бишкекте тогуз коргоол оюндары боюнча VII Азия Кубогу тагыраагы, тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын улуттук командасын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо туру башталды. 6-майдан 12-майга чейин аялдар жана эркектер арасында жеке, тайпалык эсепте оюндар ойнотулду.  

Азия кубогуна 150 спортчу (76 аял, 74 эркек) Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түркиядан, Түштүк Кореядан катышышты. Жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор, баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Азия Кубогун өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 272 миң сом бөлүндү.