30.08.2018 15:09

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун тамекинин түтүнүсүз өткөрүү жарыяланды

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тамекинин түтүнүсүз өткөрүү жарыяланды.

КР Вице-премьер-министр А.Омурбекованын тапшырмасы боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинде сунушталган концепциянын иш-чаралар планы түзүлдү, анын ичинде: тамеки тартуу үчүн өзүнчө жайларды аныктоо; аталган оюндардын статусу жөнүндө маалыматты жайылтуу жана маалымат кампаниясын жүргүзүү; спорттук объектилерди жана жайларды КР мыйзамдарына ылайык “Тамеки тартууга тыюу салынат” деген атайы белгилер жана маалымат материалдары менен камсыздоо; оюндар өткөрүлүп жаткан учурда оюндардын волонтерлорун жана конок тосуучу кызматкерлерин (барлардын, ресторандардын, мейманканалардын, эс алуу үйлөрүнүн жана пансионаттардын) Көчмөндөр  оюнун тамекинин түтүнүсүз өткөрүү концепциясы жөнүндө тамеки тартууга каршы чараларды сактоо боюнча ролдорун жана милдеттерин сактоого окутуу каралган.