06.09.2018 21:55

Удмуртиядан келген артисттер Көчмөндөрдүн фольклоруна суктанды

“Выль зардон” Удмурт фольклордук ансамбли Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 4-7-сентябрда өтө турган «Көчмөндөр ааламы» Эл аралык этномаданий фестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.  

Ансамблдын өкүлү Наталья Перевощикова алардын жамааты Кырчын жайлоосундагы  этношаарчага барып, этникалык мазмундагы иш-чаралардын көп түрдүүлүгүнө таң калышканын билдирди.

«Биз кыргыз элинин тарыхына сүңгүдүк, боз үйлөргө кирип, көчмөн элдер кандай жашагандыгын көрдүк. Уюштуруучуларга чоң рахматыбызды айтабыз, аябагандай чоң иш жасалыптыр, кубанычыбыз койнубузга батпай турат», деп айтты Наталья Перевощикова.

Белгилей кетебиз, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасында берметибиз болгон Ысык-Көлдүн жээгинде 2синен 8-сентябрга чейин өткөрүлөт.