24.06.2016 12:00

Үрүмчү шаарында II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын таанытуу иш-чарасы болуп өттү


Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы Визалык пункту 23-июнда “II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын” таанытуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы Визалык пункттун жетекчиси Султанов Талант белгилеп кеткендей, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өткөрүү демилгеси Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевге таандык. Бул демилге бир нече чет мамлекеттердин башчылары тарабынан колдоого алынды. Бул жаңы форматтагы уникалдуу долбоор дүйнөгө көчмөн цивилизациясынын улуулугун даңазалап, ар бир көчмөн дүйнөсүнүн маданиятын жана жашоо-тиричилигин таанытат.

“Кыргызстан жетекчилигинин II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын 2016-жылы өткөрүү чечими көчмөн спортунун түрлөрүн баштапкы калыбында жандандырып, андан да жогорку эл аралык деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт” – деди Султанов.

Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган конокторго Кыргызстандын туризм жана инвестиция жаатындагы потенциалы тууралуу материалдар тартууланды.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Дене тарбия жана Спорт  башкармалыгынын, Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун туризм боюнча башкармалыгынын, КЭР СУАР Иле Казак автономиялык округунун,  Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КЭР СУАР Үрүмчи шаарындагы паспорттук-визалык кызматынын жетекчилери, ошондой эле Синьцзяндын туризм компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Алынган булак: АКИpress