14.04.2018 11:43

Волонтерлордун катышуусуз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын элестетүү мүмкүн эмес

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 14-апрелде, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу волонтерлор менен жолугушту.

                    
Майрамдык иш-чараны ачууда, Өкмөт башчы волонтер болуу – бул чоң жоопкерчилик экендигин баса белгиледи.
«Мен бүгүн сиздер менен  2018-жылкы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын волонтердук программасын ишке берүү салтанатында көрүшкөндүгүмө кубанычтуумун. Дүйнөдө биздин Оюндардын аналогу жок, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси болуп калды. Биздин оюндар келечекте Олимпиадалык оюндар катары ийгилике ээ болооруна менин ишенимим чоң. Өзгөчө, волонтерлордун ишин белгилеп кетким келет, алардын катиышуусуз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын элестетүү мүмкүн эмес. Дал ушул сиздерден – Көчмөндөр оюндарынын волонтёрлорунан, Кыргызстанга келген меймандар, туристтер биздин өлкө тууралуу кандай пикирде калаары көзкаранды», – деди Сапар Исаков.

                     
Премьер-министр мындай долбоорлорду өткөрүүнүн артында өлкөнүн келечеги жаткандыгын жана бир нече убакыттан соң, анын натыйжасы байкалаарына басым койду.
«Ар-бирибиз Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана алга жылдырууга, тактап айтканда, инвесторлорду, туристтерди тартууга, өлкө экономикасын көтөрүүгө кызыкдар болушубуз керек, бул – жалпыбыздын колубузда. Мындан тышкары, волонтёрдук кыймыл өзүнүн зарылдыгын, атап айтканда, эл аралык деңгэлдеги ири иш-чараларды өткөрүүдө реалдуу көмөк көрсөтүү керектигин көрсөттү», – деп белгиледи Сапар Исаков жана жаштарга волонтер болуу чечимин кабыла алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

                     
Эскертсек, III ДКО даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Катчылыкка мурдараак волонтер болууну каалаган 3460 билдирме келип түшкөн. Анын ичинен 1000 билдирме экинчи баскычка – аңгемелешүүдөн өтүүгө тандалган. Экинчи этап жыйынтыгы боюнча ДКО 2018 катышуу үчүн 802 волонтерго талапкер менен угуу өткөрүлгөн. Комиссиянын чечими боюнча Оюндарга катышуу үчүн 550 адам тандалып алынган, алардын 40ы – дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген чет элдиктер.
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2 – 8-сентябрында Ысык-Көл жээгинде өтөт.