29.06.2016 09:00

Ысык-Көл облусунда ДКОнын спорт түрлөрү боюнча калыстар үчүн семинар өткөрүлдү


24-25-июнда “Кыргыз деңизи” санаторийинде (Ысык-Көл облусу) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТТМКК) мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган эксперттик жумушчу топтун экинчи отуруму болду.

Бул отурумга ТТМКК баш катчысынын орун басары Өмер Кожамандын жетекчилиги алдында ТТМКК Катчылыгынын өкүлдөрү,  “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” Катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаев, КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Русланбек Жуманазаров, Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Алмазбек Касенов жана Азербайжан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.

Эксперттик топ Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын даярдыктары жана аны өткөрүү боюнча негизги маселелерге токтолду. Ошондой эле чет элдик спорттук делегацияларды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча суроолор талкууга алынды.

“Бизди алдыда Оюндарга карата даярдык жүргүзүү жана аны өткөрүү боюнча көп мээнетти талап кылуучу иштер күтүп турат. Бул жакта турган ар бир адам спорттун улуттук, этникалык түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга маанилүү салымын кошуп жатат. Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тараптардын өз ара сый-урматына бөлөнүп, адилеттүү түрдө өтөт деп ишенем. Албетте Оюндар ар бирибиздин жашообуздагы эсте каларлык иш-чара болот” -  деди Русланбек Жуманазаров.

“Калыстардын иши Оюндарда негизги ролду ойнойт” деген “ДКО 2016” Катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаев өз сөзүндө даярдык иштери жогорку деңгээлде жүрүп жатат деп белгиледи. “Сиздердин – калыстардын иши Оюндарда негизги ролду ойнойт. Биз ар дайым спорттун негизги принциптерин – адилеттүү жана объективдүү калыстыкты сакташыбыз керек”, - деди Султамбаев.

Ошол эле учурда, жогоруда аталган мөөнөттө “ДКО 2016” спорт түрлөрү калыстарынын жана Жогорку калыстар коллегиясынын эки күндүк семинары болуп өттү. Ага спорттун 23 түрү боюнча Кыргызстандын калыстары жана машыктыруучулары, ошондой эле Казакстандык (Казакстандын  Спорттун улуттук түрлөрү ассоциациясынын биринчи вице-президенти -  Ерлен Оспанов), Түркиялык (Түркиянын Калыстардын борбордук кеңешинин мүчөсү – Уфук Пурутчу), Азербайжандык (Азербайжандын Спорттун улуттук түрлөрү ассоциациясынын башчысы – Ханлар Гурбанов) калыстар катышты.

Бул семинардын максаты калыстардын квалификациясын жогорулатуу, Кыргызстандын калыстарына ДКО 2016га кошулган чет элдик спорттун түрлөрүн үйрөтүү  болуп саналат.

Семинардын теориялык бөлүгүндө спорттун түрлөрү боюнча мелдештердин эрежелери, ошондой эле калыстар ишинин сапаттуу аткарылышынын негизги шарттары (нюанстар) тууралуу видео көрсөтүлдү.

Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Бул сертификаттар менен ар бир өлкөдөгү башка кызыккан калыстарды да окутуп үйрөтүүгө, Оюндарда калыс катары катышууга  мүмкүнчүлүк берилет.

Алмазбек Касенов маалымдагандай, калыстардын курамы КР Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясы тарабынан бекитилди. Калыстардын тизмеси аныкталардан мурун КР спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациясы менен бир катар ийгиликтүү иштер жасалган.

Семинарда катышуучулар ипподромдун жана Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана дарылоо комплексинин курулушу менен таанышып, Кырчын жайлоосуна барып келишти. Кырчында II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында маданий жана массалык иш-чаралар жана  спорттук мелдештер өтөт.