07.06.2018 14:56

Зуулдак, зуулдак тегеренет зуулдап, Кызыл-жашыл топчулар, кайда шашат шуулдап

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Катчылык, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Спорт агенттиги, БУУнун балдар фондусу ЮНИСЕФ  менен биргеликте уюштурган балдардын улуттук оюндар кербени Кант шаарында башталды. Балдар оюндар кербени Кыргызстандын 14 шаарын камтыйт. 5-июнда Кант шаарынан башталган кербен Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарын 30-июнга чейин кыдырып келмекчи. 

                        
Мектептерден топтолгон балдар топ-топко бөлүнүп, башкы машыктыруучулар менен оюндарды үйрөнүштү. Унутта калган жаа атмай, аркан тартмай, шамдагай алакан, зуулдак оюндарын ойноп, жип оюндары менен геометриялык фигураларды жасашты.
Оюндардын жүрүшүндө БУУнун балдар фондусунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуонун айтымында, ар бир баланын өз укугу, өзүнүн таланты, шыгы бар. Андыктан, балдарды өз алдынчалуулукка, жоопкерчиликтүүлүккө, достукка тарбиялоо үйдөгү ата-эненин оюндарынан башталат. Ата-энелер көп убагын балдар менен өткөрүшсө, ата-бала мамилеси бекемдейт.


“"Балдар кербени" долбоорунун алкагында 25 спорттун түрү боюнча оюндар ойнотулат. Кербенибиз Кыргызстандын эң алыскы шаарларына жүрөт. Алыскы аймактагы балдар да кыргыздын нускалуу оюндарын үйрөнө алат. Максат көчмөн элдердин спорттук оюндарын мектеп окуучуларынын арасында жайылтуу, өсүп келе жаткан муунга улуттук баалуулуктарды таанытуу менен балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени улуттук оюндар аркылуу дагы да тереңдетүү. Кербендеги чүкө оюндарын ойнотуунун максаты – балдар менен достошуу, акыл-эсин өнүктүрүү, шамдагайлыкка көнүктүрүү, түз мээлөө, дегеле оюн менен тарбиялоо”, - деди Юкиэ Мокуо.

                         


“Кыргыздын улуттук оюндары унутта калып барат. Акыр замандын балдары технология заманында жаралды. Кечинде үй-бүлө чогулганда атасы вотсапта, апасы классташтарда, баласы инстаграмда, кызы фейсбукта олтуруп, айтор, бири-бирине көңүл бурбайт. Ата-бала мамилеси алыстады. Ата-эне бала тарбиялоодон алыстады, баласы ыйласа кол телефондон мультфильм коюп берет. А кыргызда андай болгон эмес, балага акыл, кол жана башка  оюндарды балдары менен кошо ойногон. Кыргыздар кыз балага кечинде чака менен сууга барууга тыюу салган. Кымырынып отур дешкен. Антмек тургай, бүгүн минтип батыштын жыртык-тешик шымдарын, кыска көйнөктөрүн да кийдик.

                         
Учурда чет өлкө оюндарын биринчи орунга коюшту. Кыргыз кылымдарды карыткан улуу эл. Өздөрү менен кошо чүкө атмай, ашкабак чапмай, жаа атмай, тогуз коргоол, канча, беш таш жана башка оюндарды кошо алып жүргөн. Чүкө оюндарына токтолсок, кыргыздын “хан таламай” оюну чүкө менен ойнолгон. Этти асып, коңшусун чакырып ушул оюнду ойношкон. Оюнда мамлекеттин көздүн карегиндей сакталышы орун алган. Хан “таа” турса, мамлекетти талаган. “Таа” белгиси алсыз, жарадар деген белги. Мында баланы мергенчиликке, адилеттүүлүккө, камкордукка тарбиялап, мээнин, дене бойдун өсүшүнө жардамы тийген.

Кербендин башкы максаты – байыркы маданиятты калыптандырып, кыргыз болуу. Алты топтун ар бириндеги жыйырмадан балага оюндар үйрөтүлөт. Жыйынтыгында жеңишке жеткен балдар китепчелер менен сыйланат”, - деди “Айкүр” федерациясынын вице-президенти, башкы машыктыруучу Искендер Кожокеев.

                         

                          

Буулагы: http://erkintoo.kg/dkoiii/p/zuuldak-zuuldak-tegerenet-zuuldap-kyzylzhashyl-topchular-kajda-shashat-shuuldap