17.02.2018 13:37

14-17-февраль күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен областынын студенттерди менен жолугушууларды өттү

14-17-февраль күндөрү III Дүйнөлүк Көчмөдөр Оюндарын  даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылыгы, Билим берүү жана Илим министрлиги менен биргеликте III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областынын университеттеринин  студенттерди менен жолугушууларды өткөрүп келишти.

                    

2018 жылы жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” карата  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын алкагында, аталган эл аралык долбоорго катышам деген ыктыярчылар менен алгачкы жолугушуулар, түштүк жергесинен башталды.

Катчылыктын илим, инфракструктура блогунун координатору Союзбек Надырбеков, ыктыярчылар багыты боюнча координатору Таалайбек Бердиев, Билим берүү жана Илим министрлигинин кесиптик билим берүү бөлүмүнүн жетекчөөчү адиси Махабат Мамытова жана Илим департаментинин башкы адиси Гүлзада Билбаевалар студенттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришти.

                    

Иш-чара

  • Ош мамлекеттик университетинде,

  • Ош мамлекеттик юридикалык институтунда,

  • Ош технологиялык университетинде,

  • Ош гуманитардык педогогикалык институтунда,

  • Кыргыз-Өзбек университинде,

  • Жалал-Абад  мамлекеттик университетинде,

  • Жалал-Абад эл аралык экономикалык жана ишкердик университетинде жана

  • Баткен мамлекеттик университетинде  болуп өттү.

                    

Жолугушууда мугалимдер жамаатына жана студенттерге III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралу  кенен маалымат берилип, ыктыярчы болууну каалаган жаштарга катталуу жолун, ыктыярчыларды тандоо талаптары тууралу ж.б. суроолоруна кенен жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Алдыда, Бишкек шаарындагы о.э. Нарын, Талас жана Ыссык-Көл  облусутарындагы университеттеринин мугалимдери жана ал жерде окуган студенттер менен жолугушуулар уюштурулмакчы.