15.07.2016 10:00

15 июлда ММКларды ДКО 2016га карата аккредитациялоого старт берилет

15 июль 2016-жылы  ММКларды Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына 2016га карата аккредитациялоого страт берилет.

ММКлардын өкүлдөрү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын тайын сайты аркылуу 15 июлдан 10-августка чейин каттала алышат. Аталган убакыттан кийин катталганга техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок болот.

ММКлардын өкүлдөрү ДКОнун сайтынан көчүрүлүп алынган табыштаманын формасын толтуруп, катчылыктын атайын электрондук почтасына жөнөтүшөт. Андан соң алар жонөткөн дарек аркылуу, жеке почтасына билдирүү алышат.

Аккредитациялоо боюнча чечим 15-август 2016-ж кабыл алынат. ММКлардын өкүлдөрүнө аккредитациялык карталар ДКО 2016 катчылыгы тарабынан берилет. Аккредитацияланган даяр карталар ушул жылдын 20-25 августка чеийн берилет.