07.09.2018 13:49

56 өлкөнүн 177 чет элдик ЖМКларынын 604 өкүлү келишти жана III ДКО оюндарын баяндап жатышат

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк басма сөз кызматтарында кеңири баяндалып берилүүдө. Аккредиттелген 571 өкүлдүн ордуна, иш жүзүндө бул Оюндарга 56 өлкөнүн чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын 604 өкүлү катышып жатат. Алардын ичинен 50сү телеканал, 12си радиостанция, 67си маалымат агенттиги, 48и газета жана 50сү блогерлер. Көп журналисттер, фотографтар жана операторлор Оюнга алдын ала аккредитациясыз эле өз жолу менен келишти, бирок уюштуруучулар алар үчүн дагы бейджилерди ылдам даярдап беришти, бир сөз менен айтканда, жемиштүү иштөө үчүн аларга шарттар түзүлдү.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында иштөө үчүн келгендердин арасында төмөнкүдөй белгилүү ЖМКлар бар:

BBC радиосу, The New York Times, Financial Times, National Geographic Society, Associated Press, Канаданын «Journal of Nomads» журналы, «Aljazeera network», CCTV Кытай телеканалы, Казахстандын «Хабар» телеканалы, NRC-newspaper күн сайын чыгуучу жалпы улуттук нидерланды газетасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Abu Dhabi Media телеканалы, «МИР» ЭТРКсы,  «Россия сегодня» ЭМАсы,  «ТАСС» Россия МА, БМТРК, «Интерфакс» МА, German TV ZDF- Moscow office, Матч ТВ, Анадолу Агентсттиги, TRT телеканалы (Turkish Radio and Television), TRT EL Arabia, НТРК «Узбекистан», Телеканал «Маданият ва маърифар», Украина «Urkpress.info» МА, «Image.ua» эл аралык ишкерлер журналы, Франциялык ALTAPRESS, France Televisions, «Франс Пресс» ЭМА, Немец Sputnik news Deutschland, «Корелла Фильм» Эстония Киностудиясы, Япониянын «Tosei»  маалыматтык агенсттиги ж.б.

Көчмөндөр оюндарын ата мекендик 70 ЖМКнын 700дөн ашык өкүлү баяндап жатышты жана азыр да ал ишти улантып жатышат. Алардын ичинен 26сы Интернет басылмалары, 7си радио, 30дан ашыгы мамлекеттик, облустук, жеке телеканалдар, 12си басылмалар. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө алып көрсөтүлдү, алардын ичинен КМШ, Балтика өлкөлөрүндө жана Грузияда көрсөтүү түз эфирде жүргүзүлдү. Түз эфирде төмөнкү телеканалдар алып көрсөтүштү: Азербайжан телевидениеси;  «Хабар», Казах ТВ, Эл Арна жана  Хабар 24, МИР телеканалы, TRT телеканалы (Turkish Radio and Television), Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы. Ошондой эле жогорку технологиялар өнүккөн доордо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын берүү жана алып көрсөтүү онлайн режиминде жүзөгө ашырылды.

 Associated Press, France Press, Russia Today жана башка ушул сыяктуу дүйнөлүк агенттиктер Оюндардын ачылыш аземин Европа өлкөлөрүндө  онлайн режиминде, анын ичинде социалдык медиалар аркылуу алып көрсөттү. Ошондой эле Азербайжан телеканалы боюнча ДКО жөнүндө видеолор жана промороликтер көрсөтүлүп жатат.  CCTV, Дания телевидениеси, Россия жана Россия 24 күн сайынкы негизде жаңылыктар сюжетин чыгарып жатышат. Абу Даби медиа ДКО жөнүндө даректүү фильм даярдап жатат, Дания ТВ даректүү фильм тартууда.