22.12.2017 16:30

«Al-Jazeera» жана III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары 22-декабрда “Al-Jazeera”  эл аралык телекомпаниянын өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өткөрүштү.  

Жолугушуунун негизги темасы –  III ДКОнун “Al-Jazeera”каналдары аркылуу дүйнө жүзүнө таанытуу.

Катышуучулар 2016-жылдагы ДКОдагы ийгиликтүү кызматташуу жана келечекте да ДКОнын алкагында биргеликте иш жүргүзүү тууралуу талкуу жүргүзүштү. “Al-Jazeera” телекомпаниясынын корреспонденти кыргыз журналисттерин өздөрүнүн телекомпаниясына окууга чакырып, Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы маалыматтык-билим берүү кызматташтык мамилени курчутууну сунушташты.

                     

Персия булуңундагы илимий борборунун өкүлү Dr.Azahar Iqbal Кыргызстандын жаратылышына жана элинин меймандостугуна суктануусун билдирип, кыргыз эли менен, өзгөчө жаш муундар менен бирге улуттук жалпылыктарды сактоону кааларын белгилеп өттү.

Dr.Azahar Iqbal "Gulf Scientific Gateway" компаниясынын киноматографиялык долбоорлорго жооптуу болгондуктан, Араб мамлекети каржылай турчу болочоктогу сүрөттөргө Кыргызстандагы белгилүү бир локацияларды кошууну каалагандыгын айтып өттү. Жогоруда белгиленген каалоосун билдируу менен бирге Dr.Azahar Iqbal КР менен Персия булуңундагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык мамиле көпкө созулаарына үмүт берди.


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын автору Асхат Акибаев, КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жана III ДКОын даярдоо жана өткөрүү боюнча жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова менен 2016-жылы өткөн ДКО тууралуу репортаж жасаган, “Al-Jazeerа” телекомпаниянын өкүлү Channel Dr.Tarek Mohammad Al Abyad менен болгон жолугушуу ДКОнун катчылыгынын кеңсесинде болду. 

Жолугушуунун жыйынтыгында ДКО уюштуруучулары жана меймандар символикалык белектери менен алмашып, сүрөткө түшүштү.