24.06.2016 12:10

Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюму саммитинин катышуучуларын ДКОна чакырды


Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюму саммитинин катышуучуларын II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына чакырды. Ал бул тууралуу 24-июнь күнү ШКУна  мүчө-мамлекеттердин кеңешинин жыйынында  билдирди.

Анын айтымында, туризмди өнүктүрүү Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизги максаттарынын бири болушу керек. “Учурдан пайдаланып, саммиттин катышуучуларын - сиздерди  бул жылы сентябрь айында өтө турган II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына чакырам” – деди Президент мырза.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Оюндардын алкагында этноспорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлөт. Аларга 40 өлкөдөн келген 2000 катышуучу катышат.

Алынган булак: АКИpress