08.09.2016 10:25

“Алыш” бел боо күрөшү боюнча мелдештин жыйынтыктары

7-сентябрда ДКО алкагында Чолпон-Ата шаарында эркектер жана аялдар арасында өткөн “Алыш” бел боо күрөшү (эркин стиль) боюнча мелдештер аяктады.

Эркин стиль боюнча мелдешке жалпысынан 34 мамлекеттин 140 спортчусу катышты, алардын 84ү эркек, 56сы аял.

Мелдештер төмөнкү салмактык категориялар боюнча өттү: эркектер арасында - 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг; 100 кг; + 100 кг, аялдар арасында - - 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, + 75 кг.

Жалпы байге фонду: 1-орун – 75 миң сом, 2-орун – 45 миң сом, 3-орун – 22 500 сом.

Жыйынтыктар:

Аялдар арасында:
- 55 кг чейин:
1-орун– Камила Елисеева – Орусия (1998-ж.)
2-орун– Луиза Елизавет Вальверде Мелендрес – Эквадор (1991)
3-орун– Егане Гарибаштешахи – Иран (1991)
3-орун– Арзу Алиев – Азербайжан (1995)

- 60 кг чейин:
1-орун– Зухра Мадражмова – Түркмөнстан (1990)
2-орун– Сомайе Хедарисурешжани – Иран (1982)
3-орун– Алена Калугина – Орусия (1992)
3-орун– Мээрим Момунова – Кыргызстан (1990)

- 65 кг чейин:
1-орун– Гулнар Хажитбаева – Түркмөнстан (1985)
2-орун– Сабира Мырзагалиева – Казакстан (1993)
3-орун– Лала Гюлбалаева – Азербайжан (1997)
3-орун– Ольга Колпакова – Беларусия (1993)

- 70 кг чейин:
1-орун– Рано Узакова – Түркмөнстан (1992)
2-орун– Бактияр кызы Нурзат – Кыргызстан (1994)
3-орун– Оргелина Лаура Гарция – Аргентина (1991)
3-орун– Насиба Юлдашева – Өзбекстан (1998)

- 75 кг чейин:
1-орун– Насиба Суркиева – Түркмөнстан (1982)
2-орун– Мариям Ахмеди – Иран (1982)
3-орун– Назгиз Ибрагимова – Азербайжан (1984)
3-орун– Мереке Кудайбергенова – Казакстан (1993)

- 75 кг жогору:
1-орун– Светлана Туба Уна – Сербия (1994)
2-орун– Нагира Сарбашева – Кыргызстан (1989)
3-орун– Жолзаргал Дагвадорж – Монголия (1992)
3-орун– Гульнар Амантаева – Казакстан (1993)

Эркектер арасында:
- 60 кг чейин:
1-орун– Чатлук Джуманазаров – Түркмөнстан (1991)
2-орун– Дидар Сатбаев – Казакстан (1995)
3-орун– Данил Биктимиров – Орусия (1981)
3-орун– Эрланбек Мырзбеков – Кыргызстан (1994)

- 70 кг чейин:
1-орун– Хангелди Аллаков – Түркмөнстан (1996)
2-орун - Тамерлан Ачабаев – Орусия (1992)
3-орун –Канамат Чотчаев – Орусия (1994)
3-орун – Юрий Сирый – Украина (1991)

- 80 кг чейин:
1-орун– Эрсултан Музапаров – Казакстан (1994)
2-орун– Камолиддин Манкамов – Өзбекстан (1989)
3-орун– Игорь Беслеага – Молдавия (1991)
3-орун– Исер Мохаммедиростамы – Иран (1989)

- 90 кг чейин:
1-орун– Гюлич Жумаев – Түркмөнстан (1988)
2-орун– Аваз Заден Давуд – Иран (1986)
3-орун– Алдос Кулманбетов – Казакстан (1994)
3-орун– Оливейра Габриэль Руска – Бразилия (1995)

- 100 кг чейин:
1-орун– Обидали Мавлонов – Өзбекстан (1989)
2-орун– Андрей Кунюк – Украина (1988)
3-орун– Леонид Рябчун – Украина (1989)
3-орун– Жалил Пирмардбейраки – Иран (1988)

- 100 кг жогору:
1-орун– Ербар Ахмамедов – Түркмөнстан (1990)
2-орун– Константин Коптаев – Украина (1988)
3-орун- Инхат Давидчюк – Белоруссия (1986)
3-орун– Бехнам Абкенар Ходходи – Иран (1987)

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы