26.04.2016 12:00

ББжИ министрлиги көчмөн элдеринин мурасы тууралуу дил баян жазуу боюнча сынак өткөрүп жатат


25-апрелден 15-июнга чейин Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата жүргүзүлгөн даярдыктардын алкагында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги “Көчмөн элдеринин мурасы” темасында дил баян жазуу боюнча 6-10-класстардын окуучулары арасында республикалык деңгээлдеги сынакты өткөрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  уюштуруучулар бул жол аркылуу окуучуларды көчмөн элдеринин маданияты, салт-санаалары менен тааныштырууга, ошондой эле тарыхты, салттарды, Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтерин изилдөөгө кызыгуусун пайда кылганга аракет жасоодо.

Белгилей кетсек, сынакка окуучулардын өздөрүнүн дил баяндары гана кабыл алынат.

Эскерте кетели, II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрында  Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Этношаарча Чолпон-Ата шаарынан 30 км аралыкта Семеновский капчыгайында Кырчын жайлоосуна  жайгаштырылат.

Булак: Азаттык