05.06.2016 15:51

Бишкек шаарында ДКО даярдыктарынын алкагында "Кыргыз Айылы" иш-чарасы откорулот


Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата жүргүзүлгөн даярдыктардын алкагында Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентствосу тарабынан Бишкек шаарынын Мэриясынын колдоосу менен “Ак Шумкар КУТ” коомдук фонду жана Республикалык “Манас” жаштар ордосу менен биргеликте “Кыргыз Айылы” аталышындагы иш-чаралардын сериясын өткөрүү пландалып жатат.  

Кыргызстандын салт-санаасын жана маданиятын чагылдырып, жаш муунду улуттук биримдикке жана жан дүйнөнүн рухий байлыгын арттырууга  чакырган  бир катар иш-чаралар Бишкек шаарынын ар кайсы булуң-бурчунда өткөрүлөт.

 “Кыргыз Айылынын” катышуучулары боз үйдү тигүү, көчмөн кыргыздардын оозеки  элдик  чыгармаларынын акылман ойлорун угуу, көчмөндөрдүн тамактарын даамдап көрүү жана өз көзү менен кол өнөрчүлүккө байланыштуу мастер-классты көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Өлкөбүздүн маданиятты жана оригиналдуулукту баалоочулары үчүн  жергиликтүү өндүрүштөгү табигый тамак-аш азыктарынын көргөзмөсү уюштурулган. Ошондой эле баардык каалоочулар улуттук оюндарга  да катыша алат. 

Алгачкы иш-чара 5-июнда Жеңиш паркында өткөрүлөт.

Көчмөн кыргыз элинин маданиятынын жана жашоосунун чебердигине күбө болгусу келген баардык каалоочуларды “Кыргыз Айылында” күтөбүз.