06.09.2016 12:18

Чолпон-Атада этникалык маданияттын фестивалы өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын алкагында этникалык маданияттын үч күндүк фестивалы өтүүдө.

Кечке маал ат майданынын аренасында көптөгөн мамлекеттерден келген чыгармачыл коллективдердин өнөрү тартууланууда. Ал мамлекеттердин катарында Азербайжан, Греция, Исландия, Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Корея, Орусия, АКШ, Түркия, Түркмөнстан, Тажикстан, Япония ж.б. бар.

Фестивалдын программасы боюнча ыр жана бийлер аткарылып, этномузыканын ар кайсы багытында өзүн сынап келген ырчылар ар кандай музыкалык аспаптарда ойноо менен ырдады, кийим-кече дизайнерлеринин автордук коллекцияларынын көргөзмөсү ж.б. болду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы