20.05.2016 17:14

ДКО даярдыктары алкагында Бишкек шаарында II Эл аралык Бий боюнча Олимпиадасы өткөрүлөт


2016-жылдын 3-5-июнунда “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” туристтик фестивалынын даярдыктары алкагында “SUN City” спорт комплексинде (Бишкек шаары) Борбордук Азиянын II Эл аралык Бий боюнча Олимпиадасы өткөрүлөт. Бир аянтчада ар кандай жаш өзгөчөлүккө жана кызыкчылыктарга ээ, ар кыл бий жана спорт тармактарынын жана маданияттын өкүлдөрү  болгон бийчилер чогулат.

Олимпиада 3 күнгө созулуп, бийдин 52 багыты жана дисциплинасы боюнча 10 өлкөдөн келген 2000 бийчинин катышуусу менен өтөт.

Калыстар тобу 29 кишиден турат: 11 эл аралык калыс жана сертификатка ээ болгон Кыргызстандык (Бишкек шаары, Кара-Кол шаары, Чолпон-Ата шаары, Балыкчы шаары, Кара-Балта шаары, Жалал-Абад шаары жана Ош шаары) 18 калыс.

Олимпиаданын алкагында Борбордук Азиянын кыргыз бийи, элдик бий, эстарда бийи, чыгыш бийи, социалдык жана заманбап бийлери боюнча, модерн, болливуд жана черлиденг боюнча чемпионаттарды, ошондой эле мажоретка жана параданс боюнча фестивалды өткөрүү пландалып жатат.

Борбордук Азиянын II Эл аралык Бий боюнча Олимпиадасынын уюштуруучулары: “Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016” катчылыгы, Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясы, Контемпорари жана модерн спорт искусствосу боюнча федерациясы (президенти Кузнецова Татьяна) жана КР заманбап эстрадалык бийи боюнча федерациясы (президенти Поляничко Оксана).

Бул долбоор IDO (International Dance Organization), ICU (International Cheer Union), ECU (European Cheer Union), IRSF (International Roup Skippinf Federation), IFMS (International Federation of Majorette Sport), NBTA (National Baton Twirling Association), World Art and Dance Alliance (WADA)  тарабынан колдоого алынды.